ЖАЙПУР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЙПУ́Р – Индиянын түн.-батышындагы шаар. Ражастхан штатынын адм. борбору. Ара­валли тоосунун этегинде, деңиз деңг. 431 м би­йиктикте жайгашкан. Калкы 3,0 млн (2007). Эл аралык аэропорту бар. Ири жол тоому. Же­ңил (кебез кездеме), хим., цемент, айнек-кара­па, электр-тех. ө. ж. ишканалары иштейт. Ун-т бар. Кустардык кол өнөрчүлүк (зер буюмдар, пилдин сөөгүн ж-а ташты чегелөө) өнүккөн.

Хава-Махал ак сарайы. 18-к-дын 2-жарымы.


1728-ж. негизделген. Сарай комплекси (бакчасы, бассейни ж-а Чандра-Махал ак сарайы м-н), Жантар-Мантар обсерваториясы, Хава-Махал ак сарайы («Шамалдар сарайы», 18-к-дын 2-жа­рымы; анын фасадында 953 терезе бар) сак­талган.