ЖАЙЫТ БИОЦЕНОЗУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЙЫТ БИОЦЕНОЗУ – жайыт биогеоценозун түзгөн организмдер тобу. Аны өсүмдүктөр жал­пылыгы (фитоценоздор) м-н жаныбарлар дүй­нөсү (зооценоздор) түзөт. Мында афтотроф орга­низмдердин ичинен чөп өсүмдүктөрү чоң маани­ге ээ. Жайыттардагы чөп өсүмдүктөрү – гетерот­роф организмдер үчүн негизги азык заттын ж-а энергиянын булагы. Жайыт фитоценоздорунда­гы чөп өсүмдүктөрүнүн жалпы саны 4 миңге жакын, алардын басымдуу бөлүгүн татаал гүл­дүүлөрдүн ж-а кылканактуулардын өкүлдөрү түзөт. О. эле чанактуулар, ыраңдар, сары бай­чечекейлер, эрин гүлдүүлөр, көк базиндер, кай­чылаш гүлдүүлөр кездешет. Кээ бир жайыт био­геоценоздорунда шиберлерди ж-а балырларды да жолуктурууга болот. Ал эми кай биринде да­рактар, бадалдар, бадалчалар ж-а эңилчектер да кездешет. Кырг-нда 1960–70-жылдары мал­дын көптүгүнөн Ж. б. табигый деңгээлинен четтөөгө дуушар болуп, азыркы учурда калы­бына келүүдө.