ЖАКЫПОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАКЫПОВ Ыбрай (22. 10. 1918, Ысык-Көл обл., Тоң р-ну, Жер-Үй айылы – 4. 3. 2009, Биш­кек) – тилчи, филология илимд. доктору (1967), проф. (1970). Кыргыз ССРинин эмг. сиң. муга­лими (1970), Улуу Ата Мекендик согуштун ка­тышуучусу. Ташкенттеги жумушчу ф-тин бүтү­рүп (1932), Оттук, Тору-Айгыр айылдарындагы мектептерде (1933–35), Фрунзе ш-ндагы ¹ 5 орто мектепте (1938) мугалим болуп эмгектен­ген. Кыргыз мамл. пед. ин-тун бүтүргөн (1941), ошол эле жерде окутуучу (1946–50), тил ж-а ад-т кафедрасынын башчысы (1951–54), Кыргыз мамл. сырттан окуу пед. ин-тунун ад-т ф-ти­нин деканы (1955–59), КМУнун доценти, кафедра башчысы болуп эмгектенген (1964–90). Эмгек­тери кыргыз тилинин синтаксисин изилдөөгө арналган. 200дөн ашуун ил. эмгектин, окуу куралдарынын ж-а «Тагдыр» (1971), «Тилектеш­тер» (1975), «Чакырык»(1981), «Эмгек, билим, тарбия – жетимди жетилткен» (1998) аттуу по­весттердин автору. Кыргыз ССРинин Эл агар­туу отличниги (1957). 2-даражадагы Ата Ме-


кендик согуш ордени ж-а медалдар м-н сый­ланган.


Эмг.: Кыргыз тилинин жөнөкөй сүйлөмүнүн синтак­сиси. Ф., 1958; Жөнөкөй сүйлөмдүн синтаксистик түзүлүшү. Ф., 1965; Азыркы кыргыз тилинин синтак­сиси. Ф., 1975; Орус тилинин кыргыз тилине тий­гизген таасири. Ф., 1983.