ЖАЛ-АРЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛ-АРЫК II – б. з. ч. 6–3-к-да жашаган көчмөн сак урууларына таандык көрүстөн. Кет­мен-Төбө өрөөнүндөгү Токтогул шаарчасына жа­кын жерде жайгашкан. Ал 120 майда ж-а чоң мүрзөдөн турат. 1963–64-, 1968–69-ж. Ы. Кожом­бердиевдин жетекчилиги м-н Кыргыз ССР ИА-нын Тарых ин-тунун археол. экспедициясы изил­деген. Мүрзөлөр төрт чарчы, аң түрүндө казы­лып, үстү арча м-н жабылып, топурак ж-а таш м-н корумдалган. Айрым мүрзөлөрдүн дөбөлө­рүнүн диаметри 2500–3000 мге чейин жетет. Көрүстөндөн табылган буюмдардын көбү алтын ж-а колодон жасалган. Алардын ичинен ба­йыркы сактардын өнөрүн изилдөөдө жолборс­тун, жылкынын сөлөкөттөрүнүн ж-а алтын сөй­көлөрдүн мааниси зор. Көрүстөндөн чыккан адамдын баш сөөгү калыбына келтирилип, бай­ыркы сактардын антропол. келбети түзүлгөн. Археол. табылгалар Казакстан, Түш. Сибирь, Борб. Азия аймактарында жашаган байыркы көчмөн элдердин буюмдарына өтө окшош келет.


Ад.: Кожомбердиев И. Работы в зоне водохрани­лища Токт ог уль­ской ГЭС // Архео­логические откры­тия 1969 года. М., 1970.