ЖАЛААК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАЛААК , л и з у х а, а л л о т р и о ф а г и я (лат. lambitus) – малдын даам сезиминин бузулушу. Уй, кой, эчки, чочко, тоок, чанда жылкы ж-а башка айбанаттар ылаңдайт. Жалаак денеде минерал зат, анын ичинде натрийдин жегич туздары, микроэлемент, витамин, амин кислотасы жетишпегенде пайда болот. Остеомаляция, итий, өнөкөт гастрит, гастроэнтерит, боор ылаңдарында, кутурмада байкалат. Жалаак м-н мал көбүнчө жазында ылаңдайт. Айрым жерлерде жалаак топуракта минерал заттардын жетишсиздигинен болот. Ылаң создугуп өтөт, мал көрүнгөн нерсени жалап, чайнайт, жейт, жем жебейт. Арыктап, териси кургайт, кунардуулугу төмөндөйт, ылаң ашынып кетсе мал өлөт.