ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Кырг-ндын түш.-батыш бөлүгүн ээлейт. 1924–26-ж. округ, 1926– 28-ж. кантон болгон; 1928-ж. Ош округуна бириктирилген. 1939-ж. 21-ноябрда облус катары уюшулган; 1959-ж. 27-январда жоюлуп, Ош облусуна кошулган, 1990-ж. 14-декабрда кайра өз алдынча облус болгон. Түндүгүнөн Талас, Чүй, чыгышынан Нарын, түштүгүнөн Ош облустары, түш.-батышынан ж-а батышынан Өзбекстан м-н чектешет. Адм.-айм. жактан 8 районго (Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал), 68 айыл өкмөткө бөлүнөт. Анда 7 шаар, 7 шаарча, 414 айыл бар. Аянты 33,7 миң км2 (өлкөнүн аянтынын 16,9%и). Калкы 993,8 миң (2009; респ-нын калкынын 18,7%и).
Табияты.
Облустун аймагынын басымдуу бөлүгү Түш.-Батыш Теңир-Тоонун, бир аз бөлүгү (Тогуз-Торо ойдуңу) Ички Теңир-Тоонун аймактарынан орун алган. Алар негизинен Фергана өрөөнүн түндүгүнөн курчаган бийик, орто бийик ж-а жапыз тоолор, жалдар, дөңсөөлөр, адырлар тилкеси, тоо этегиндеги жантайыңкы түздүктөр ж-а тоо аралык өрөөндөр болуп саналат. Деңиз деңг. эң бийик жери 4503 м (Чаткал кырка тоосундагы Авлетим чокусу), эң жапыз жери 600 м (Базар-Коргон р-нунун аймагында). Облустун түн.-батыш, түн. ж-а чыгыш чет жакалары б-ча Батыш ж-а Ички Теңир-Тоо системаларына кирген бийик кырка тоолор – Чаткал (бийикт. 4503 м), Суусамыр-Тоо, Молдо-Тоо (түш. капталдары) созулуп жатат. Облустун борб. бөлүгүн Фергана (түн.-батышын), Кочкор-Төбө, Ат-Ойнок, Исфан-Жайлоо, Чаак-Тоо, Бабаш-Ата кырка тоолору ээлеп, түш.-батышты карай жайпаң рельефтүү этек тоолорго өтөт. Фергана өрөөнүн түндүктөн торогон тоолордо дарыя өрөөндөрү ж-а салыштырмалуу бийикт. 100–400 мге жеткен адыр-дөңсөөлөр кезектешип жайгашат. Дарыя алаптарын Көгарт (мында облустун борбору – Жалал-Абад ш. жайгашкан), Кара-Үңкүр, Нанай (Пачатанын алабы), Ала-Бука өрөөндөрү ээлейт. Облустун курамына о. эле

обочороок жайгашкан тоо аралык ири өрөөндөр – Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо ж-а Чаткал ойдуңдары да кирет. Кетмен-Төбө ж-а Тогуз-Торо ойдуңдары облустун Фергана өрөөнүнө караган негизги бөлүгүнөн Фергана ж-а Ат-Ойнок, Чаткал өрөөнү Чаткал кырка тоолору аркылуу бөлүнүп турат.
Кырка тоолору байыркы кристаллдык тоо тектерден (гранит, порфир), ал эми тоо капталдары ж-а тоо аралык ойдуңдары карбон, девон ж-а палеоген-неоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тектерден түзүлгөн. Кен байлыктарынын ичинен облус отун-энергетика ресурстарына бай. Нарын д-нда ГЭС каскады (Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч- Коргон) бар; Камбар-Ата I, II ГЭСтери курулууда. Таш көмүр Көк-Жаңгак, Таш-Көмүрдөн казылып алынат. Нефть м-н табигый газ кендери
Чаңгыр-Таш, Майлы-Суу, Избаскен, Кочкор-
Атадан чыгат. Андан сырткары сурьма (Терек кени), полиметалл (Сумсар кени), марганец кенташы (Кара-Алма суусунун төмөнкү агымында) ж. б. кендер да бар. Металл эмес кен байлыктардан озокерит (Майлы-Сай), гипс (Сузак р-нунда) ж. б. кендер чыгат. Ысык ж-а минералдуу булактар чыккан жерлер да арбын (Жалал-Абад, Майлы-Суу ж. б.). Облустун аймагы рекреациялык ресурстарга бай; мында туристтерди кызыктыруучу Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара- Алма, Сары-Челек, Пачата сыяктуу кооз жерлер бар.
Тоолордун орогр. түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү арктикалык суук ж-а континенттик аба массаларынын аймактын климатына тийгизген таасирин кыйла басаңдатат. Жай мезгилинде бийик кырка тоолор Орто ж-а Борб. Азия чөлдөрүнүн аптабын кыйла серүүндөтөт. Бирок, батыштан соккон аба агымы ж-а анын түн.-батыш, түш.- батыш салаалары Түн. ж-а Чыгыш Ферганага тоскоолсуз кирип, облустун аймагына ж-а анын түрдүү ландшафттык зоналарына жагымдуу аба ырайын түзөт. Ички Теңир-Тоодо жайгашкан Кетмен-Төбө ж-а Тогуз-Торо өрөөндөрүнүн климаты облустун Фергана өндүрү жак бөлүгүнө караганда кыйла башкачараак. Бул өрөөндөрдө муздак тоо абасы туруп калат; декабрдан мартка чейинки темп-расынын орт. максимуму Түш. Кырг-ндын башка метеорол. станцияларыныкына караганда 10°Сге төмөн болот. Жаан-чачын режими окшош болгондугуна карабастан, жааган жаан-чачындын өлчөмү м-н абанын темпрасынын ортосунда айырмачылык сөзсүз болот. Аймактын деңиз деңг. бийиктигине, тоо капталдарынын экспозицияларына ж-а рельефинин
өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жайы ысык, жылуу, серүүн же суук болушу мүмкүн. Июлдун орт. темп-расы этек тоо-адырлуу зонада 25– 22°С, жапыз тоолуу зонада 22–15°С, орто бийик тоолуу зонада 15–10°С, бийик тоолуу зонада 10– 5°С, нивалдык-гляциалдык зонада 5–0°С. Жайдын биринчи жарымы жаанчыл, экинчи жарымы ж-а күз маалы өтө кургакчыл. Кышы жал-

пысынан мелүүн-суук, январдын орт. темп-расы –3°Сден –15°Сге чейин. Эң төмөнкү темп-ра бийик тоолуу ойдуңдарда адатта – Кызыл-Жарда (Тар ойдуңу) абс. минимум –40,9°С, Чаткалда – 39,8°С, ал эми ушул эле мезгилде муздак аба туруп калган ойдуңдарда – Ошто –25,9°С, Кербенде (1280 м бийиктикте) –26,1°С гана болот. Ушундай эле кубулуш кышында Фергана өрөөнүндө да темп-ралык инверсияга байланыштуу пайда болот; тоолордо ойдуңдарга караганда жылуураак келет. Атм. жаан-чачын бийиктик зоналуулук б-ча өзгөрөт ж-а ал ным алып келүүчү аба агымдарына карата жайгашуу экспозициясына байланыштуу. Фергана, Ат-Ойнок, Талас Ала-Тоолорунун түш.-батыш капталдарында жаан-чачын 500–900 мм ж-а андан да мол жаайт. Токой-шалбаалуу талаа алкагында мелүүн-жылуу ж-а нымдуу жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү, жаан-чачындын жылдык өлчөмү 500 ммден 900 ммге чейин, анын 50%и вегетация мезгилине туура келет. Чаткал системасына кирген тоолор орогр. жактан ыктоодо жайгашкандыктан, жаан-чачынга салыш-

тырмалуу жарды (400–500 мм), ал эми Чаткал кырка тоосунун түш.-батыш капталына тоо аралык ички ойдуңдарындагыдай эле 300–
400 мм гана жаан-чачын жаайт. Жаан-чачын эң мол жааган мезгили жаз маалы, анын жылдык өлчөмүнүн 60%тен ашыгы кыш-жаз мезгилине туура келет, август-сентябрь эң аз жааган мезгил. Жаан-чачын көбүнчө жамгыр түрүндө жаайт. Тоолордо 2500–3000 мден жогору кардын өлчөмү кыйла зор (жылдык жаан-чачындын 30–50%). Кар катмарынын калыңдыгы тоо этеги-адырлуу зонада 20–25 смден, бийик тоолордо 90–100 смге чейин жетет. Фергана тоо тизмегинин кыр бөлүгүнө жакын кардын калыңдыгы 150 смдей болот.
Облустун аймагы, айрыкча Фергана тоо тизмегинин капталдары агын суу тармагынын жыштыгы ж-а алардын суусунун молдуулугу м-н айырмаланат. Ири дарыялары: Нарын, Чаткал, Кара-Дарыя. Нарын д. Фергана тоо тизмегинин тармактарын ж-а Чаак-Тоону кесип агат. Облустун чегинде Нарынга сол тараптан Көк- Ирим, Кемпир-Ата, Ничке-Сай ж. б., оң тараптан Толук, Торкен, Чычкан, Узун-Акмат, Кара- Суу ж. б. суулар куят. Бул суулар терең өрөөндөр м-н шар агып, нуктарында босоголор көп. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталынан агып түшкөн суулардын бардыгы Кара-Дарыянын оң куймалары – Чаңгет, Көгарт, Кара-
Үңкүр, Майлы-Суу ж. б. Ал эми облустун батышындагы Пачата, Чанач, Касан-Сай, Сумсар суулары Сыр-Дарыяга оң тараптан куят. Чаткал д. Талас Ала-Тоосунун түш.-батыш капталынан башталып, төмөнкү агымында кууш ж-а терең шаңшаардан чыга беришинде Пскем суусу м-н кошулуп, Чырчык д-н түзөт. Анын ири куймалары: Чандалаш, Терс, Кара-Корум, Теректи-Сай ж. б. Облустун дарыялары суу энергиясына өтө бай; Нарын д-на ГЭС каскады суу сактагычтары м-н курулган. Дарыя суулары дээрлик сугатка пайдаланылат. Чаткал кырка тоосунун түн.-чыгышындагы этек тоолорунда – Сары-Челек, Көгала, Кара-Суу ж. б., Чаак-Тоонун түш. капталдарында Кара-Көл ж. б. көлдөрүнүн, дарыя өрөөндөрүн көчкү бөгөп калышынан пайда болгон тоо көлдөрү бар.
Аймактын топурак-өсүмдүктөрү өтө ар түрдүү
келип, таралышына бийиктик алкактуулук мүнөздүү . Обл устун аймагынын эң жапыз бөлүгүн (деңиз деңг. 500–900 м бийиктикте) шыбак-эфемердүү чөл ж-а жарым чөл өсүмдүктөрү (ак шыбак, ыраң, баялыш ж. б.) ээлеп, анда ачык боз ж-а кадимки боз топурактар өөрчүйт. Бул топурактарга аз кесекчелүү борпоң структура мүнөздүү, чириндиси салыштырмалуу аз, ал эми минералдык сиңимдүү заттары арбын. Сугарганда түрдүү маданий өсүмдүктөр жакшы
өсөт. Талаа өсүмдүктөрү бийик адырларды, айрым жерлерде жапыз тоолорду ээлеп, деңиз деңг.

900–1300 м бийиктиктеги кеңири тилкени камтыйт. Чириндиси салыштырмалуу мол күңүрт боз топурак басымдуу. Өсүмдүктөрдөн пияз, түптүү арпа, түктүү буудайык, кызыл от, о. эле шыбак, сарындыз өсөт. Ушул эле зонада талаа ж-а шалбаа өсүмдүктөрүнүн арасында ксерофиттик сейрек токой, жыгач мистенин массивдери, сейрекдолонокездешет.
Деңиз деңг. 1000–2200 м бийиктикте токойлуу талаа зонасы жайгашкан. Мында жаңгакмөмө жемиш токою талаалашкан шалбаалуу, бадалдуу, сейрек алмалуу жерлер м-н кезектешип жатат. Токой астында кара коңур токой, бадалдар, шалбаа ж-а талаа өсүмдүктөрүнүн астында күңүрт боз тоо-талаа топурактары өөрчүйт. Жаңгак токоюнун астында өөрчүгөн топурак өзгөчө касиетке ээ: чириндиге бай, ал топуракка каралжын өң берип турат, жаңгак сымал структуралуу, ным сыйымдуулугу өтө зор ж. б. Ошого байланыштуу, капталдардын кыйла эңкейиштигине карабай агын суулар жокко эсе, кар ж-а жамгыр суулары бүт кыртышка сиңип кетет. Облустун аймагынын зор аянтын (700 миң га) ээлеген жаңгак-мөмө-жемиш токоюнун чарбалык мааниси өтө зор. Ал токойлор Фергана ж-а Чаткал кырка тоолорунун Фергана өрөөнүн караган этек тоолорун ээлейт. Айрым жаңгак дарактары бириндеп 800 м бийиктиктен эле кездеше баштайт. Жаңгак токою деңиз деңг. 1000–1200 мден 1800–1900 м бийиктикке чейин эң кеңири таралган. Жаңгак токоюнун арасында алма, алча, айвансары, карагат, итмурун, изирик ж. б. дарак-бадал өсүмдүктөрү өсөт. Андан жогору 2200 м бийиктикке
чейин да бирин-серин жаңгак дарактары кездешет. Жаңгак токоюнун чет жакаларында жапайы мөмө-жемиш дарактары – алмурут, алча, бадам, жүзүм ж. б. өсөт. Токой өсүмдүктөрү тоо капталдарынын түш., о. эле чыгыш экспозицияларынан башка бүт беттеринде өсүп, алар негизинен жаңгак ж-а жапайы мөмө-жемиш дарактарынан турат. Токойлуу талаа зонасынын
ачык түш. ж-а бир аз чыгыш капталдары эфемероиддүү шалбаа ж-а талаа м-н капталган; аюу чач, пияз түптүү арпа, түктүү буудайык, кызыл от, ак сокто, кылкансыз түбү бош ж. б.
үстөмдүк кылат. Түрдүү чөп өсүмдүктөрүнөн бийик чатыр гүлдүүлөр – аюу чач, шашыр өсөт. Кеңири аймакты ээлеген шалбаалуу талаанын бул бөлүктөрү негизинен кеч жаздагы жайкы жайыт катары пайдаланылат. Бул зонанын жантайыңкы капталдарында ж-а жайык кырларында кайрак эгин эгилет.
Субальп зонасы 2000–3000 м бийиктикти ээлейт. Мында субальп шалбаасы ж-а карагай, көк карагай, арча, кайың ж. б-дан турган токой өсүмдүктөрү кеңири таралган. Субальп зонасында күңүрт түстөгү тоо-токой ж-а тоо-шалбаа-талаанын күрөң, чанда кара топурак сымал топурак типтери өөрчүйт. Чөп өсүмдүктөрдөн флёмис, крестовник, шимүүр, түлкү куйрук, ак сокто ж. б. өсөт. Субальп шалбаасы жайкы жайыт катары кеңири пайдаланылат. Альп зонасы кырка тоолордун бийик (3000 мден жогору) бөлүгүн ээлейт. Анда чымдак-чала чымдашкан тоо-шалбаа альп топурактары өөрчүйт. Зонанын басымдуу бөлүгүн аска, корум таш-шагылдар,
чакан бөлүгүн альп шалбаасы ээлейт. Альп
өсүмдүктөрүнүн ичинен эң кеңири таралганы көбүргөн басымдуулук кылган фитоценоздор болуп саналат. Көбүргөн м-н кошо каз таман, козу кулак, таран ж. б. да өсөт. Альп шалбаа зонасы кыска мезгилге жайыт катары пайдаланылат.
Калкы.
Облустун калкы респ-нын калкынын
18,7%ин (2009; 993,8 миң) түзөт. Анын 23,0%и (228,3 миң) шаарларда, калган 76,0%и (765,5 миң) айыл-кыштактарда турат. Калкынын саны б-ча респ-да Ош обл-нан кийин 2-орунда. Көп улуттуу; басымдуу бөлүгү кыргыздар (2006; 71,0%), о. эле өзбек (24,6%), орус (1,2%), тажик (0,6%), түрк (0,6%), татар (0,5%), украин (0,1%) ж. б. улуттардын өкүлдөрү да жашайт. Калктын орт. жыштыгы жалпы респ-ныкына караганда бир аз жогору: 1 км2 жерге 29 адам (респ-да 26) туура келет. Шаарлары: Жалал-Абад (облустун борбору, 97,2 миң), Таш-Көмүр (31,7
миң), Кара-Көл (20,8 миң), Майлы-Суу (22,8 миң), Кочкор-Ата (14,8 миң), Кербен (13,2 миң), Көк-Жаңгак (9,3 миң); шаарчалары: Кызыл-Жар (2,6), Кетмен-Төбө (1,9 миң), Көк-Таш (2,7 миң), Сумсар (6,0 миң), Терек-Сай (2,4 миң), Токтогул (16,4 миң), Шамалды-Сай (9,5 миң). Облустун калк көп жашаган айылдары (2009-ж. эл каттоо): Базар-Коргон (33,4 миң киши), Сузак (24,0 миң), Масы (13,9 миң), Казарман (9,5 миң), Ала- Бука (10,8 миң), Каныш-Кыя (2,4 миң).
Облустун жалпы калкынын жаш курактары б-ча бөлүнүшү: 16 жашка чейинки жаштардын саны 2006-ж. 388,1 миң адам (жалпы калктын 40,1%), эмгекке жарактуулары – 510,4 миң
(53,1%), эмгек жашынан өткөндөр – 62,3 миң (6,5%).
Экономикасы.
Ж.-А. о. – экон. жактан өнүгүү
деңгээли б-ча респ-да Чүй обл-нан кийинки 2-регион. Анын өнүгүшүн ө. ж., а. ч., курулуш, транспорт ж-а байланыш, соода ж-а коомдук тамактануу тармактары, ал эми социалдык
өсүшүн тейлөө кызмат, билим ж-а илим, саламаттык сактоо, мад-т ж. б. тармактарынын деңгээли аныктайт. Бул тармактар базар экономикасынын шартына ылайык ар түрлүү менчикке тиешелүү өндүрүштүк же тейлөөчү ишкана ж-а мекемелерден (ө. ж. чакан ж-а өнөктөш ишканалар, кооперациялар, акционердик коомдор, биржа ж-а фирмалар, дыйкан ж-а фермер чарбалары, о. эле жеке дыйкан чарбалары) ж. б.
өзүнчө ээлик кылуучу субъектилерден турат.
Облуста 2009-жылдын башында чарба жүргүзүүчү субъектилердин саны 110202 болгон. Алардын 2,2%и мамл. менчиктеги, 2,1%и – коммуналык ж-а 95,7%и жеке менчиктеги ишканалар. Ишканалар түрлөрү б-ча ири (0,3%), орто (0,5%) ж-а чакан (1,8%), дыйкан (фермер) чарбалары (78,7%), жеке ишкерлер (18,1%) ж. б. обочолонгон бөлүмчөлөр (0,6%) болуп бөлүнөт.
Ө. ж. тармагында бардыгы 135 ишкана иштейт, алардын ичинен 102си өзүнчө баланста турган ө. ж. ишканалары болгон (2005). Аларда 17,4 миңден ашык жумушчу иштеп, 2006-ж. 7007,8 млн сомдук (респ-нын 19,5%) продукция
өндүргөн. Ө. ж-дын негизги тармактары: электрэнергетика (ө. ж. продукциясынын 54,0%ин түзөт), машина куруу (19,2%), отун (10,1%),
түстүү металлургия (6,3%), жеңил (6,2%), тамак-аш (2,8%) ж. б. ө. ж. тармактары. Облустун ө. ж. тармактарынан электр-энергетика, машина куруу, отун ж-а түстүү металлургиянын респ-дагы орду кыйла жогору.
Э л е к т р - э н е р г е т и к а облустун
ө. ж-нын 54,0% продукциясын өндүрүп (респнын электр-энергетикасынын 83,3%), 4 ишкананы камтыйт: Токтогул ГЭС каскадынын
«Электрстанция» ААК (2007-ж. 1,9 млрд сомдук продукция өндүргөн), «Электрстанция» ААКтын ПСГЭСи (851,2 млн сом), «Улуттук электр» ААК (95,0 млн сом) ж-а «Жалал-Абад электро» АК (446,0 млн сом). Бул тармакта облустун жалпы ө. ж-нда иштеген калктын 21,8%и эмгектенип, ө. ж-ндагы негизги өндүрүш каражатынын (фондунун) 43,7%и топтолгон. Облуста 2008-ж. 10,5 млрд кВт·с электр энергиясы (респ-дагы электр энергиясынын 89,4%и)
өндүрүлгөн. Өндүрүлгөн электр энергиясынын
басымдуу бөлүгү респ-нын башка региондорунда пайдаланылат, чет өлкөлөргө экспорттолот. О т у н ө. ж. – облустун үчүнчү маанилүү
ө. ж. тармагы. Бул тармакта 2007-ж. ө. ж. продукциясынын 10,1%и өндүрүлгөн. Отун ө. ж. структурасына көмүр казып алуу, нефть ж-а жаратылыш газын өндүрүү, нефтини кайра иштетүү тармактары кирет. Көмүр казып алуу тармагында 4 ишкана иштеп, аларда 219 адам эмгектенген. 2008-ж. 44,7 миң Ъ көмүр казылып алынган (респ-да казылып алынган көмүрдүн 9,1%и), 2005-ж. «Тегене» ЖЧКнын кубаттуулугунун 44,0%и, «Көк-Жаңгак шахтасы» МАК-тын 25,8%и, «Таш-Көмүр» МАКтын 27,4%и гана пайдаланылган болсо, «Коргон-Таш» АК иштебей турган. Көмүр казып алуудагы мындай акыбалга биринчиден өндүрүлгөн көмүрдүн өздүк наркынын кымбаттыгы, экинчиден алардын сапатынын начардыгы, үчүнчүдөн аларды сатуудагы рыноктун тардыгы же жоктугу себеп болууда.
Нефть ж-а табигый газды өндүрүү тармагында облустагы «Кыргызмунайгаз» АКсы, «Ань-Банг» ЖАК иштешкен. Алар 2008-ж. 55,0 миң т нефть (респ. б-ча өндүрүүнүн 77,0%и) ж-а 17,3 млн м3 табигый газ (100%) өндүргөн. Облуста өндүрүлгөн жаратылыш газы Жалал-Абад, Кочкор-Ата ш-на берилип, азыраак бөлүгү Тажикстанга экспорттолот. Отун ө. ж-нын маанилүү тармактарынын бири – нефтини кайра иштетүү. «Кыргыз Петролеум Компани» (КПК) биргелешкен ишканасы облуста өндүрүлгөн ж-а бөлөк өлкөлөрдөн ташылып келинген нефтини кайра иштетип, бензин (2007-ж. 35,0 миң т же респ-дагынын 46,7%и), дизелдик күйүүчү май (136,2 миң т же 95,8%и), мазут (220,0 миң т же 98,6%и)
өндүргөн. Ишкана чыгарган нефть продуктулары респ-нын түш. райондорун толук камсыздай алат.
Жалпы ө. ж. продукциясынын 6,3%ин т ү ст ү ү м е т а л л у р г и я өндүрүп, ө. ж. тармактарынын ичинен 4-орунда турат. Бул тармактын 3 ишканасы бар, алар: Макмал алтын кен комбинаты (2005-ж. 389,6 млн сомдук продукция өндүргөн; 1143 адам иштеген); «Кыргызалтын» ААКтын филиалы «Терек-Сай кени» (24,2 млн сом өндүрүп, 464 адам иштеген); «Кристалл» МАК (жарым өткөргүчтүү кристаллдык кремний ж. б. түрлөрүн чыгаруучу КМШ өлкөлөрүндөгү жалгыз ишкана).
М а ш и н а к у р у у ж-а м е т а л л и шт е т ү ү ө. ж. облустун тармактарынын ичинде 19,2% продукция өндүрүп, электр-энергетика
ө. ж-нан кийинки 2-орунду ээлейт. Тармактын 19 ишканасы бар; ирилери: «Майлы-Суу электр лампа заводу» АК, «Нур» АК, ТТО з-ду, «Достук» АК, «Гидросталь-конструкция» АК, «Кыргызэлектроизолит» з-ду, ОП-36/10 ишканасы,
«Жетиген» АК, «Анар» з-ду, «Ротор» чакан
ишканасы ж. б. Облустун машина куруу ө. ж. респ-нын масштабында ушул тармактын 46,1% продукциясын өндүрүп, облустардын ичинен 1-орунда турат. Негизги продукциялары: электр лампалары (2007-ж. 171,2 млн даана), электр
өткөрбөөчү (изоляциялоочу) материалдар (тасмалар) ж-а түтүкчөлөр, электр жылыткычтар, насос, автомобиль тетиктери. Бул тармакта
өндүрүлгөн продукциянын көп түрү экспортко
чыгарылат. «Майлы-Суу электр лампа заводу» АКтын продукциясынын 80,0%ке жакыны,
«Нур» АКтын 60,0%тен ашык продукциясы экспорттолот. Негизги ишканалары Жалал-Абад, Кара-Көл, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата ш-нда, Сумсар шаарчасында жайгашкан.
Токой, жыгаччылык ж-а целлюлоза-кагаз
ө. ж-нда 23 ишкана иштеп, анын 18и токой
өстүрүп, эмерек ж. б. буюмдарды жасоого жарактуу жыгачтарды, отун даярдайт. Ал эми 5 ишкана жыгачтан эмерек ж. б. буюмдарды жасоого ылайыкташкан. Негизги ишканалары: Жалал-Абад ш-ндагы «Эмерек», «Көгарт» АК-тары, Базар-Коргон р-нундагы «Кыргыз-түрк вуд ИНДАСТРИ» биргелешкен ишканасы, токой
чарбачылыгындагы чакан ишкана-цехтер ж. б.
Жаңгак жыгачынан, айрыкча анын уюлунан (кап) жогорку сапаттагы, баалуу, дүйнөлүк рынокко өтүмдүү эмерек ж. б. буюмдарды жасоого жетишүү үчүн аракеттер көрүлүүдө.
Курулуш материалдарын өндүрүү тармагында 12 ишкана иштейт (2007); негизги ишканалары: «Кыргызкурулушматериалдар» АК, «Темирташ» АК, темир-бетон заводу (Жалал-Абад ш-нда), «Ока-Керамика» ЖЧК (Кочкор-Атада),
«Береке» АК (Майлы-Сууда), «Таш-Рабат» ЖЧК
(Токтогул шаарчасында); чыгарган негизги продукциялары: темир-бетон конструкциялары, кыш, карапа, черепица, бетон, курулуш аралашмалары ж. б. Айрым курулуш материалдары (кыш ж. б.) Өзбекстанга (Анжиян, Наманган обл-на) сатылат.
Жеңил ө. ж. тармагы өндүргөн продукциясынын көлөмү б-ча облустун ө. ж. структурасында 6,2%ти түзүп, 5-орунду ээлейт. Иштеген адамдардын саны б-ча тармактын респ-дагы үлүшү 17,3%, өндүргөн продукциясынын көлөмү б-ча 49,0%ти түзгөн. 2005-ж. жеңил ө. ж. тармагында 28 ишкана иштеген. Ири ишканалары:
«Кыргыз пахтасы» жабык АК, «Мата» ААК,
«Ак алтын» биргелешкен ишканасы, «Юнисеп Каттон-Рефинери», «Глейзер-Дунай-Нарын»,
«Актилек-А» ЖЧКлары ж. б. Жеңил ө. ж. ишканалары негизинен Жалал-Абад, Көк-Жаңгак, Майлы-Суу ш-нда, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Токтогул р-ндорунда жайгашкан. Алардын чыгарган негизги продукциялары: чигитинен тазаланып таңылган пахта буласы, токулбаган кездеме, о. эле көйнөк, шым, төшөк, бут кийим ж. б. Пахта буласы экспортко (негизинен Россияга) чыгарылат.
Тамак-аш ө. ж. – облустун а. ч-нда өндүрүлгөн
продукцияларды кайра иштетип, эл керектөөчү товарларды, айрыкча азык-түлүктү өндүрүп, калктын муктаждыгын камсыз кылып туруучу маанилүү тармак. Анда 2006-ж. 54 ишкана
иштеген. Ири ишканалары: «Келечек» АК (колбаса азыктары), «Сары алтын» (Таш-Көмүр ш-нда, ферменттелген тамеки), «Арак заводу» (41,5 млн сом), «Таттуу суу» (кондитер азыктары) АКтары, «Азиз тамеки» (ферменттелген тамеки). Ири ишканалары негизинен Жалал-Абад, Таш-Көмүр ш-нда ж-а Ала-Бука р-нунда жайгашкан. Облустун тамак-аш ө. ж. ишканалары 2008-ж. респ-да чыгарылган өсүмдүк майынын 69,6%, кондитер азыктарынын 13,5%, спирт
ичимдигинин 4,8%, минералдуу суунун 20,8%,
ферменттелген тамекинин 10,3%ин ж. б. өндүргөн. Ун-акшак ж-а аралаш тоют чыгаруу ө. ж-нда 2008-ж. 6 ишкана иштеп, аларда жалпы ө. ж-нда иштегендердин 0,6%и эмгектенген. Негизги ишканалары Жалал-Абад ш-нда жайгашкан; ири ишканалары: «Дан-ЮГ», «Марьям и Ко» ЖЧК-лары, «Азретайып», Таш-Көмүр ш-ндагы «Техник» АКтары ж. б. Облустун башка ишканалары да бул тармактын кошумча продукцияларын чыгарат; о. эле облустун шаарларында, райондорунда, айыл-кыштактарында жеке менчик тегирмендер ун-акшак тартышат. 2008-ж.
облуста 70,5 миң т ун чыгарылып, ал респ-када
өндүрүлгөн ундун 22,4%ин түзгөн. Полиграфия ө. ж-нын 5 ишканасы иштейт;
алар – Жалал-Абад, Таш-Көмүр ш-ндагы басмаканалар ж-а чакан ишкана. Негизги продукциялары: китеп, гезит, бланк, этикетка ж. б. ИДПнин 49,9%и а. ч-га туура келет. 2008-ж. 46 а. ч. кооперациясы, 2 орток дыйкан чарбасы, 4 АК, 8,2 миң жеке дыйкан (фермер) субъектилери катталып, алар 18467,5 млн сомдук продукция өндүргөн (респ-нын жалпы продукциясынын 16,4%). А. ч-нда өндүрүлгөн продукциянын 62,4%и дыйканчылыкка туура келет, ал пахта, тамеки ж-а жашылча өстүрүүгө адистешкен. Кийинки жылдарда облустун жеринде кант кызылча ж-а май алынуучу өсүмдүктөр өстүрүлө
баштады.
А. ч-га жарактуу жери 1857,3 миң га, анын 9,0%и (167,1 миң га) айдоо, 0,5%и (9,2 миң га) көп жылдык мөмө-жемиш дарактары, 2,1%и (39,0 миң га) чабынды ж-а 88,4%и (1642,1 миң га) жайыт (2008). Эгин аянты 875,5 миң га болуп (респ-дагы эгин аянтынын 14,6%и), анда 72,9 миң га дан (12,4%), 22,9 миң га пахта
(67,5%), 4,5 миң га тамеки (31,0%), 5,6 миң га
картөшкө (8,1%), 7,2 миң га жашылча (15,3%), 13,5 миң га тоют (8,0%), 19,9 миң га май алынчу өсүмдүктөр (34,8%), калган 1,1 миң га жерге
бакча өсүмдүктөрү эгилген. Булардан башка облустун жеринде 6,8 миң га мөмө-жемиш бактары (14,0%), 1,3 миң га жүзүм (16,7%) аянты болгон. 2008-ж. 234,9 миң т дан (респ-кадагынын жалпы 15,5%), 63,2 миң т пахта (66,6%), 1,1 миң т тамеки (8,1%), 96,6 миң т картөшкө (7,2%), 153,1 миң т жашылча (18,6%), 18,9 миң т бакча өсүмдүктөрү (28,8%), 39,5 миң т мөмөжемиш (21,3%) ж-а 6,2 миң т жүзүм (23,4%) алынган.
Мал чарба тармагы а. ч. продукциясынын
37,1%ин өндүрөт. Облустун бардык чарбаларында 2009-жылдын 1-январында малдын саны миң баш м-н эсептегенде: уй 241,3 (респ-нын 19,7%), кой м-н эчки 855,3 (19,0%), жылкы 51,6 (16,0%),
чочко 0,9 (1,4%), үй куштары 756,4 (14,2%) болгон. Облустун мал чарбасынан 2008-ж. тирүү салмакта эсептегенде 46,8 миң т эт (респ-да
өндүрүлгөн эттин 14,1%и), 234,5 миң т чийки
сүт (17,4%), 1,7 миң т жүн (14,5%) ж-а 37,8 млн даана жумуртка (10,2%) өндүрүлгөн.
Жалал-Абад обл-нда автомобиль, темир ж-а аба жолдор ж-а куур транспорту бар. Алардын ичинен негизги орунду автомобиль транспорту ээлейт. 2000-ж. автомобиль транспорту м-н 4971,9 миң т жүк (респ-дагы жүктүн 13,6%и), 461,6 млн жүргүнчү (10,6%) ташылган. Автомобиль жолунун негизин Бишкек – Ош жолу түзөт. Андан башка Жалал-Абад – Казарман,
Үч-Коргон – Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя ж. б. автомобиль жолдору ж-а Кара-Суу – Жалал-Абад – Көк-Жаңгак ж-а Наманган (Өзбекстан) – Үч-Коргон – Таш-Көмүр т. ж. тармактары өтөт. Алардын узундугу чектелүү болгону м-н башка өлкөлөр м-н экон. байланыш түзүүдө мааниси чоң. Кочкор-Ата шаарчасынан Жалал- Абад ш-на чейин газ кууру жеткирилген. Жалал-Абад ш-нда, Казарман, Кербен, Каныш-Кыя кыш-нда аэропорттор иштеп, алардын Бишкек м-н аба жол каттамы бар. Жалал-Абад ш. Каракол, Чолпон-Ата ш. ж-а Казарман кыш. м-н жалпы аба жолдору аркылуу байланышат. Облустагы бардык шаарлар ж-а райондун борборлору облустун борбору – Жалал-Абад ш. м-н аба, кабель ж-а радиореле линиясы аркылуу байланышат. Облуста калкка кызмат көрсөтүүнүн жалпы көлөмү 2008-ж. 1199,6 млн сомду түзүп, респ-ныкынын 7,1%ине барабар болгон.
Маданий турмушу.
Облуста 13 ЖОЖ бар; анда
22,3 миң студент билим алып, аларда 970 окутуучу (а. и. 9 илимдин доктору, 67 илимдин кандидаты) иштеген. О. эле 8 атайын орто (3,5 миң студент; 292 окутуучу), 22 кесиптик-тех. (5,0 миң окуучу) окуу жайлары ж-а жалпы билим берүүчү 416 мектеп (221,3 миң окуучу; 14,1 миң мугалим) бар. Облус б-ча 293 мектепте кыргыз, 6 мектепте орус ж-а 38инде өзбек тилдеринде, ал эми 74 мектепте сабактар кыргыз, орус,
өзбек тилдеринде окутулат.
Облус б-ча 92 клуб тибиндеги мекемелер, 3 автоклуб, 189 массалык китепканалар (2,0 млн нуска китеп ж-а журналдары м-н), 11 ар түрдүү музейлер, а. и. Аксыдагы ж-а Тогуз-Тородогу тарых-мекен таануу музейлери, Сузак р-нунда Барпынын үй-музейи ж. б. бар. Алардан башка балдардын 14 муз., 4 көркөм өнөр, 1 көркөм сүрөт мектептери, Жалал-Абад ш-ндагы Барпы
түш.-чыгышта, кыш з-дунан 2,5 км түш.-чыгышта, деңиз деңг. 793–858 м бийикте жайгашкан. 1970-ж. геол. чалгындоо иши жүргүзүлгөн. Кен аймагы калыңдыгы 3,0 мден 44,0 мге жеткен кумайлуу топурактан турат да, бор, неоген ж-а байыркы антропоген мезгилинде пайда болгон катмарлардын үстүндө жатат. Өңү саргыч боз түстө. Андан «75» ж-а «100» маркасындагы кыш, «400», «500» ж-а «600» маркасындагы суукка чыдамдуу аглопорит алууга жарайт. Бекитилген запасы: В категориясы б-ча 3422 миң м3, С – 4785 миң м3, 1996-ж. 1-январына карата
калган запасы: В – 308 миң м3, С
– 4785 миң м3.

атн. кыргыз драма театры, Т. Тыныбеков атн. филармония ж. б. бар. Обл. радио уктуруу ж-а телекөрсөтүү студиясы иштейт. 2006-ж. облуста 309 мед. дарылоо мекемеси болгон, анын 261и – айылдык амбулаториялар, ооруканалар, фельдшердик-акушердик пункттар. Бардык мед. мекемелеринде 1664 врач (10 миң адамга 19 врач), 7066 мед. орто билимдүү кызматкер (81), 7700 орундуу койка (10 миң адамга 89 койка) болгон. Кийинки жылдарда ири ооруканаларда акы төлөп дарылануучулар үчүн атайын палаталар иштей баштады.
Жалал-Абад ш-нын жанында дарылык касиети жогору болгон минералдуу суунун базасында Жалал-Абад курорту иштейт. Облустун аймагы жаратылыш шартынын кооздугу, кен байлыктарынын ар түрдүүлүгү ж-а тарыхый эстеликтеринин сакталышы м-н белгилүү. Дүйнө жүзүндөгү жаңгак токойлордун ичинен эң зор аянтты ээлеген белгилүү Түш. Кырг-н жаңгак ж-а жемиш токоюнун 90%и облустун аймагында. Сары-Челек көлүнүн айланасы, Аркыт, Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма ж. б. жерлердин кооздугун айрыкча белгилөөгө болот. Облустун аймагында таш доорунда адам жашаган Кара-Суу тургун жайы, Саймалы-Таш (б. з. ч. 2-к. – б. з. 8-к.) ж-а Чаар-Таштагы таш бетине
чегилген сүрөт-эстеликтер, Торкен көрүстөнүнүн (1–5-к.) калдыктары, 10–12-к-дагы Күлбөс-Хан,
Чанчар-Хан ж-а Тогуз-Торо шаар-чептеринин
чалдыбарлары, Шах-Фазил (12-к.), Арстан бабанын (16-к.) кабырлары, Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү (19-к-дын башы) ж-а акыркы жылдарда калыбына келтирилип, кайра курулган Курманбек баатырдын күмбөзү бар.
Ад.: Ракитников Н. Сельскохозяйтвенные зоны Восточной Ферганы//Уч. зап. МГУ, 1939, вып. XXI; Биология орехоплодовых лесов и геодинамика в Южном Кыргызстане. Б., 1996; Бараталиев Ө., Мырзаев А. Жалалабадская область // Кыргызстан. Б., 2001; Жалалабат облусу. Б., 2003. Ө. Бараталиев, А. Мырзаев, Э. Садыкова.