ЖАЛГЫЗ-ТЕРЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛГЫЗ-ТЕРЕК , А к - Ч и й – Нарын районунда­гы кыштак. Жерге-Тал айыл округуна ка­раштуу. Нарын дарыясынын оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 1905 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 45 км түндүк-батыш тарапта. Балык­чы темир жол бекетинен 215 км. Кыштак 1930-жылы отурукташкан. Калкы 1279 (2022); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.