ЖАЛИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛИЕВ Баатыр (15. 12. 1935-ж. т., Ош обл., Кара-Суу р-ну, Кашкар-Кыштак кыш.) – живо­писчи, график, КРдин эл сүрөтчүсү (1993).

Фрун­зе көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн (1964). 1968-жылдан СССР сүрөтчү­лөр союзунун мүчөсү. 1977– 82-ж. Кыргыз сүрөтчүлөр со­юзунун Ош обл. бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген.
Ө. ж., а. ч. темаларына ар­налган «Өнөр жайлуу Ош» (1966), «Ош курулуп жа­тат» (1972), «Хайдаркан комбинаты» (1974) аттуу чыгармаларды жараткан. Портрет жанрындагы «То­гуз коргоол» (1974) эмгеги Ж-дин чыг-лык чоң жетишкендиги болуп эсептелет. Ал – респ., бүт­күл союздук ж-а эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Ж-дин чыгармалары Г. Айтиев атн. Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музе­йинде ж-а КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде сак­талуу. Медалдар м-н сыйланган.

Б. Жалиев. «Пахта т а ла а с ы» ( ф ра г - мент). 1969.