ЖАЛКЫ РЕЛЬСТҮҮ ЖОЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАЛКЫ РЕЛЬСТҮҮ ЖОЛ – асма рельс (монорельс) аркылуу жүк вагончолору ж-а жүргүнчү вагондору жүрүүчү транспорттук система. Ж. р. ж-до кыймыл, жүк жүктөө ж-а түшүрүү автоматтык түрдө башкарылат. Жүк ташуучу Ж. р. ж-до иштөөчү вагончонун жүк көтөрүмдүүлүгү 0,5–5 Ъ, ылдамдыгы 2–4 км/с, ташуу аралыгы 1,5 кмге чейин. Айрым өлкөлөрдө жүргүнчүлөрдү ташуучу Ж. р. ж. курулуп, вагондун сыйымдуулугу 120–140 адам, ал эми ылдамдыгы 240 км/сaaтка жетет.