ЖАЛКЫ ТИШТҮҮ МЕХАНИЗМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАЛКЫ ТИШТҮҮ МЕХАНИ́ЗМ – айлануу кыймылын бир тарапка гана берүүчү тиштүү механизм. Ж. т. м. кармап туруучу түзүлүш катары (жүк көтөрүүчү машинада) же улам токтоп, мезгилдүү айлануу кыймылын жасоодо (автоматтык линиялардын берүү механизминде) колдонулат. Ал атайын формадагы тиштүү рычаг, тиштүү дөңгөлөктүн тишине такалып кала тургандай кылып жасалган. Рычаг артка түртүлүп калмайынча дөнгөлөктүн бир багытта айлануусуна мүмкүндүк берет. Ж. т. м. негизинен кол лебедкаларда, мех. сааттардын буроочу ж-а велосипеддин арткы дөңгөлөгүнүн механизмдеринде колдонулат.