ЖАЛПАК-ТАШ КӨРҮСТӨНҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАЛПАК-ТАШ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 6–4-кдагы көчмөн сак урууларынан калган археол. эстелик. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Узун-Акмат суусунун оң өйүзүндө жайгашкан. Көрүстөндүн диаметри 8–21 м, бийикт. 0,4–2,5 м. Эстеликтин 8 дөбө-мүрзөсү изилденген. Маркумдардын сөөгү төрт чарчы чуңкурга коюлган. Карапа

идиштер, кийимге кадалчу жука алтындан жасалган кооз буюмдар табылган. Айрыкча жука алтынга адамдын башы ж-а жырткыч куштун сүрөтү басып түшүрүлүп, кийимге кадалуучу алтын каңылтыр кызыгууну туудурат.