ЖАЛПАК КУРТТАР
ЖАЛПАК КУРТТАР (Plathelmintes) – жөнөкөй түзүлүштүү курттар тиби. Денеси кош симметриялуу, узун, жалпак. Узундугу 0,2 ммден 18 мге чейин жетет. Эркин жашоочуларынын денеси кирпикчелүү эпителий м-н, мителериники ядросуз катмар (тегумент) м-н капталган. Мителеринин соргучтары бар. Жалпак курттар алгачкы ооздуу, алардын дене көңдөйү жок (органынын ортосу паренхима м-н толгон), үч түйүлдүк жалбыракчалардан – экто-, энто- ж-а мезо- дермадан өөрчүйт ж-а кан тамыр, дем алуу органдары жок. Жалпак курттардын ичинде киши ж-а жаныбарларга коркунучтуу мителер да бар. Алар морфологиялык-физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша 3 класска (кирпикчелүүлөр, соргуч курттар ж-а тасма курттар) бөлүнөт. 12 500гө жакын түрү белгилүү. Деңизде, тузсуз сууда ж-а кургакта жашап, дээрлик көбү мителер.