ЖАЛПАК ТАМАНДУУЛУК
ЖАЛПАК ТАМАНДУУЛУК – тамандын кобулу түзөлүп, жалпак болуп калышы. Жумшак, жеңил басууда бут сөөгүнүн скелетинин түзүлүшү өзгөчө орунду ээлейт. Бут кетменинин сөөктөрү бир нече майда ж-а орт. сөөктөрдөн турат. Бут кетмениндеги майда сөөктөргө келип бириккен шыйрактын булчуң эттеринин тарамыштарынын кандайдыр бир кырсыктардан же оорулардан жабыркашы Ж. т-ка алып келет. Анда адегенде тизе, шыйрак, анан буттун таманы ооруп, чарчагандгында шал оорусуна чалдыккан, оор кара жумуш жасаган, ыңгайсыз бут кийим көп кийген, ашыкча семирген адамдар, оор жүк көтөрүп ж-а тикесинен тик туруп иштеген усталар, куруучулар көп оорушат. Узунунан жаткан кобулу орт. бузулганда, тизенин ооруганы күчөйт, таман ысып сайгылашат, адамдын басыгы бузулат. Сыртынан караганда таман анчалык өзгөрбөгөнү м-н бара-бара кызыл ашыктын тегереги, согончок, буттун манжалары шишигенсип, акырындык м-н Ж. т. келип чыгат. Дарылоодо анын белгилерин аныктап, оорулууну карап көрүп, рентгенге тартып, кагазга из калтырып чийип, таман канчалык жалпайгандыгын, анын жумушка жөндөмдүүлүгүн, айрыкча аскер кызматына жарарын же жарабастыгын аныктоо ж-а дарылоо зарыл. Алдын алууда дене тарбия ж-а спорт оюндарына үзбөй катышуу, сууда сүзүү өтө пайдалуу. Ж. т-та бутка күч келтире турган оюндар – оор атлетика, чуркоо, коньки тебүү жарабайт. Ж. т. байкалган кезде ортопед врачка кайрылуу керек. Дарылоо гимнастикасы, укалоо, жылуу ванна пайдалуу. Атайын батеги (супинатору) бар бут кийимдерди же атайын супинаторду пайдалануу сунуш кылынат.