ЖАЛПЫ ИНТЕГРАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛПЫ ИНТЕГРА́Л , д и ф ф е р е н ц и а л т е ң д е м е н и н и н т е г р а л ы – n- тартиптеги y(n) = f(x, y, y, ..., y(n–1)) теңдемесинин D облусундагы жалпы чыгарылышын айкын эмес функция катары сүрөттөөчү n параметрлүү Ф(x, y, c1, ..., cn)=0 теңдемеси. 1-тартиптеги ка­димки дифференциал тендемелердин xi=fi (t, x, x1, ..., xn), i=1, ..., n системасынын D облусунда­гы Ж. и-ын да аныктоого болот. Бул (c1, ..., cn) C n параметрин камтыган ж-а системанын D облусундагы жалпы чыгарылышын түзгөн функ­циялардын түркүмүн айкын эмес түрдө көрсө­түүчү n теңдеменин Фi(t, x1, ..., xn)=ci, i = 1, ..., n тобу. Айрым туундулуу дифференциал тендеме­лердин Ж. и-ы деп теңдемеге кирген өзгөр­мөлөрдү байланыштыруучу эрктүү бир функция­ны камтыган ж-а бул функциянын ар бир маа­нисинде берилген теңдеменин чыгарылышын берген катыш аталат.