ЖАМААТТЫК КЕЛИШИМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМААТТЫК КЕЛИШИМ – ишкана, мекеме­деги эмгектик ж-а социалдык-эконом. мамиле­лерди жөнгө салуучу ж-а жумушчулар, кызмат­керлер м-н иш берүүчүлөрдүн ортосундагы жа­зуу жүзүндө түзүлүүчү документ. Ж. к. менчик­тин түрүнө карабастан ишкана, уюмдарда ке­минде 1 жылдык мөөнөткө түзүлүүгө тийиш. Та­раптардын жамааттык сүйлөшүүлөрү баштал­гандан тартып 2 айдын ичинде Ж. к-дин ай­рым жоболору башка тараптардын ортосунда ма­кулдашууга жетишилбесе, пикир келишпестик токтомун кошо түзүү м-н Ж. к-ге кол коюлууга тийиш. Жөнгө салынбаган пикир келишпестик­тер кийинки жамааттык сүйлөшүүлөрдүн неги­зи болушу же эмгек мыйзамдарына ылайык чечилиши мүмкүн.