ЖАМАЛ КАРШИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМАЛ КАРШИ , Абу-л-Фадл ибн Мухаммад Жамал ад-Дин Карши (1230–31 – ө. ж. б.) – о. кылымдардагы жети-суулук тарыхчы ж-а акын. Чагатай мамлекетинин борбору Алма­лык ш-нда туулган. Вилайетти бийлеген Суг­нак тегиндин баласына тарбиячы болуп, ак са­райда иштегендиги үчүн «Карши» («Ак сарай­лык») аталып кеткен. 1264-ж. Кашкарга кел-


ген, 1282-ж. орто азиялык тилчи-илимпоз Абу Наср Исмаил ал-Жаухаринин (1002–07-ж. ара­лыгында өлгөн) ар. жазылган «Ас-Сурах» сөз­дүгүн фарсы тилине которуп, араб тилинде ага кошумча «Мулхакат ас-сурах» («Дааналык эм­гегине кошумчалар») деген эмгегин жазган (1302–06). Анда азыркы Кырг-ндын аймагында өкүм сүргөн Караханиддер мамлекети ж-дө баа­луу маалыматтар бар.