ЖАМАН-ДАВАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМАН-ДАВАН – Тогуз-Торо р-нундагы суу, Алабуганын оң куймасы. Уз. 64 км, алабынын аянты 335 км2. Жаман-Тоонун түн. капталы­нан башталып, жогорку агымында Сырт-Каш­ка-Суу аталып, Туура-Суу кошулгандан кийин Ж.-Д. аталат да, кууш өрөөн аркылуу түндүктү карай агат. Ортоңку ж-а төмөнкү агымында өрөөнү кеңейип, саздуу келет. Жылдык орт. чыгымы 2,6–3,5 м3/сек, эң көбү июнь – июлда, азы февраль – мартта байкалат. Апрель – сен­тябрда кирип, октябрь – мартта тартылат. Не­гизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан ку­ралат. Сугатка пайдаланылат.