ЖАМАНБАЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМАНБАЕВА (Б а к и е в а) Тамара Кусеин кызы (14. 5. 1943-ж. т., Нарын обл., Нарын ш.) – туңгуч кыргыз теледиктору, КРдин эл арт. (2008), Кыргыз ССР мад-тына эмг. сиң. ишмер., СССР телерадиосунун от­личниги (1970), КРдин те­лерадиосунун отличниги (2003). Фрунзе мед. окуу жайын (1959), КМУнун жур­налистика ф-тин (1968) бүтүргөн. Кыргыз мамл. те­лерадиокомитетинде жогор­ку категориядагы диктор (1959– 75), Программа б-ча директордун орун басары (1974–88), ил.-популярдык

ж-а кино редакциясынын, Борб. телерадиого көр­сөтүүлөрдү даярдоо редакциясынын, Ош обл. те­лерадиокомитетинин башкы редактору, төра­йымы (1988–92), КРдин Улуттук телерадиокор­порациясында программа б-ча директор (1992– 94), вице-президент (1994–95), «Замана» чыгар­мачыл-өндүрүштүк бирикмесинин директору, продюсери (1995–2005, 2008), КРдин Улуттук телерадиокорпорациясынын радио б-ча коорди­нациялык борборунун директору (2005–07). 2009-жылдан «Ибарат» маданий борборунун про­дюсери. «Б. Миңжылкыевдин аткаруусундагы романстар» аттуу телефильмдин, респ-нын юби­лейлик даталуу күндөрүнө арналган көптөгөн телекөрсөтүүлөрдүн сценарийлеринин автору. Медалдар м-н сыйланган.


Эмг.: Жил, трудился, боролся, страдал, но побеж­дал. Б., 2003; Телевидение менин өмүрүм. Б., 2009.