ЖАМАШЕВ
ЖАМАШЕВ Зулумбек (15. 2. 1924-ж. т., Жалал-Абад обл., Сузак р-ну, Кара-Көл айылы) – юрист, коомдук ишмер. Кыргыз ССРинин эмг.

сиң. юристи (1974). 1950-ж. Фрунзедеги эки жылдык юрид. мектепти бүткөн. 1942–44-ж. «Большевик» колхозунда колхозчу, почточу, Сейдикум айыл советинде секретарь, финансы агенти, 1944–48-ж. Ачы р-ндук сотунда секретарь, сот аткаруучу, 1950–51-ж. Ачы, Ленин (азыркы Ноокен) р-ндорунда прокуратуранын тергөөчүсү, 1951–57-ж. Ленин р-ндук сотунда, 1957–59-ж. Жалал-Абад обл. сотунда төрага, 1959–67-ж. Ош обл. сотунда төраганын орун басары, 1967–71-ж. Кыргыз ССР Жогорку сотунда судья, 1971– 74-ж. Ош обл. юстициянын начальниги болуп иштеген. 1974–90-ж. Кыргыз ССР Жогорку сотунун төрагасы, о. эле СССР Конституциясына ылайык СССР Жогорку сотунун судьясы кызматын да кошо аткарган. 1990–91-ж. Кыргыз ССР Юстиция министрлигинде Жарандык актылар башкармасынын начальниги, 1991–98-ж. Жалал-Абад обл. жаратылышты коргоо коомунда төрага, 1995–98-ж. обл. ардагерлер кеңешинин төрагасы болуу м-н бир эле мезгилде Кырг-н элдеринин ассамблеясында обл. бөлүмдүн төрагасы, 1998–2005-ж. Жалал-Абад обл. мамл. администрация башчысына коомдук кеңешчи болуп иштеген. Кыргыз CCР Жогорку Советинин депутаты (9-, 10-, 11-чакырылышы). Манас, «Ардак Белгиси» ордендери, «Даңк» ж. б. медалдар м-н сыйланган.