ЖАМБАШ ЧАРАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАМБАШ ЧАРАСЫ – адам скелетинин буттарды бириктирип, жамбаш кырчоосун түзүүчү төмөнкү бөлүгү. Ал эки жамбаш, куймулчак, чычаң сөөктөрүнөн турат. Ж. ч. кичине ж-а чоң болуп айырмаланат. Ж. ч. бел кырчоонун негизин түзгөндүктөн, омуртка тутумуна тирөөч. Түзүлүшүндө жыныстык өзгөчөлүктөр даана байкалат. Аялдын Ж. ч-нын, жамбаш сөөктөрүнүн канатчалары жазы, куймулчак сөөгү жука, эркектердики узун ж-а кууш болот. Ж. ч-нын алдыңкы капталын чаткаяк сөөктөрү түзөт. Чоң Ж. ч-нда ич көңдөй мүчөлөрү, кичинесинде көтөн чучук, табарсык; эркекте простата ж-а урук ыйлаакчасы, аялда жатын, жатын кошумчалары ж-а жатын кыны жайгашат. Ж. ч-нын сөөктөрүнө арка ж-а омуртка булчуңдары бекийт. Аялдын Ж. ч-нын түзүлүшү м-н көлөмүнүн төрөттө мааниси чоң.