ЖАН-БУЛАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАН-БУЛАК – Нарын районундагы кыштак. Жан-Булак айыл округуна караштуу. 1936-жылы Жан-Булак кыштагына Мээнеткеч, Кызыл-Үңкүр, Жалгыз-Тал, Таш-Булак кыштактары кошулган. Кара-Тоо м-н Ала-Мышык тоосунун кошулган жеринде, Нарын дарыясынын сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1830 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 24 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 204 км. Кыштак 1907-жылы негизделген. Калкы 2574 (2022); негизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, үй-бүлөлүк врачтар тобу, оорукана иштейт.