ЖАНАРТОО-ЧӨКМӨ КЕНДЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАНАРТОО-ЧӨКМӨ КЕНДЕР – деңиз м-н океан түбүндө атылган жанартоолордон чыккан минералдык заттардын жыйылып, деңиз чөкмөсү м-н бирге пайда болгон кендер. Ж.-ч. к-ге темир, марганец ж-а колчедан кенташтары, айрым илимпоздордун изилдөөлөрү б-ча боксит м-н фосфориттердин кендери кирет. Алар лава, күл (чаң, кум) ж-а кремнийлүү тоотектердин деңиз чөкмөлөрү м-н аралашып жаткан калың катмарларында кабат же желвак түрүндө кезигет. Бардык геол. мезгилдердеги тоотектерде жолугат. Кырг-ндагы Жетим темир кенташ бассейни, Арчалы марганец кени, Жакболот марганец кени ж. б. Ж.-ч. к-ге кирет.