ЖАНЫБАРЛАР ДҮЙНӨСҮН КОРГОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНЫБАРЛАР ДҮЙНӨСҮН КОРГОО – сейрек ж-а тукум курут болуу абалында турган жаны­барларды коргоо ж-а санын калыбына келтирүү боюнча иш чаралар жыйындысы. Байыртан эле адамзат аңчылык м-н тиричилик өткөзүп кел­ген. Аңчылыктан айрым жаныбар түрү (мамонт, тур, стеллер ую ж. б.) азайып кеткен. Акыркы жылдары көп түрлөрдүн жоголушуна браконьер­дик себеп болууда. Аларды коргоо үчүн ал түрлөр мекендеген аймактын өзгөчөлүгүн, мү­нөзүн, ошол түрлөрдүн таралуу аймагын эске алуу зарыл. Азайып ж-а жоголуп бараткан түрлөрдүн дүйнөлүк, аймактык санын тактоо ж-а Кызыл китеп түзүү негизги иш-чарага ки­рет. Түрдүү деңгээлде корголуучу жаратылыш аймактарын, коруктарын түзүү – биотүрдүүлүктү сактоонун негизги жолу. Дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда көптөгөн коруктар (Сары-Челек, Беш- Арал, Нарын ж. б.), биосфералык резерваттар (Ысык-Көл ж. б.), корукчалар (Токмок ж. б.), улуттук парктар (Йеллоустон, Йосемити; Ала- Арча, Каракол, Чоң Кемин) түзүлгөн. Кыргызстанда өзгөчө мензбир сууру, илбирс, кызыл карыш­кыр ж. б. жаныбарлар коргоого алынган.