ЖАНЫМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНЫМА – 1) и й р и с ы з ы к к а Ж. – ийри сызыкты кесип өтүүчү сызыктын пределдик абалын көрсөтүүчү түз сызык. L ийри сызыгында жаткан M ж-а M1 чекиттери аркылуу MM1 түз сызыгы жүргүзүлөт (1-чийме). M чекитин кый­мылсыз деп алып, ага M1 чекитин L ийри сы­зыгы б-ча чексиз жакындатканда MM1 түз сы­зыгы MT түз сызыгына умтулса, анда MT түз сызыгы L ийри сызыгына M чекитиндеги Ж-сы деп аталат. Бардык эле үзгүлтүксүз ийри сызык Ж-га ээ болбойт, анткени MM1 пределдик абал­га умтулбай калышы, же M1чекити M чекити­не ар тараптан умтулган учурда эки пределдик абалга умтулушу мүмкүн (2-чийме). Эгерде ийри сызык y=f(x) теңдемеси м-н берилсе ж-а x=x0 чекитинде дифференциаланса, анда M чекити аркылуу өткөн Ж-нын бурчтук коэфф-и x0 че­китиндеги f(x)тин туундусунун маанисине ба­рабар; бул чекиттеги жаныманын теңдемеси төмөнкүдөй болот: y–f(x0)=f′(x0)(x–x0)

1 -ч ийме 2- ч ийм е

2) а й л а н а г а Ж. – айлана м-н компланар­дуу ж-а аны м-н бир жалпы чекитке ээ болгон түз сызык. Айланага Ж. сызык ошол чекитте радиуска перпендикуляр болот.