ЖАНЫТМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНЫТМА – чакан проза жанры; болуп өткөн (же келечекте боло турган) ишти, кылык-жо­рукту, факты же окуяны атайын көркөмдөп, образдуу түрдө жандатып, кыйытып айтчу сөз өнөрүнүн салттуу формасы. 1920–30-жылдарда Жанытмада жөнөкөй гезиттик кабар м-н көркөм чы­гарманын белгилери аралаш берилген (Жанытма аңге­ме, Жанытма ыр, Жанытма фельетон, Жанытма тамсил, Жанытма жо­мок). Адабияттын жалпы идеялык көркөм деңгээ­линин көтөрүлүшү м-н Жанытма өз алдынча жанрдык белгилерге ээ болду.