ЖАНЫШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНЫШ (1843, азыркы Казак Республикасы – 1899, Талас өрөөнү) – белгилүү төкмө акын, казалчы, дастанчы. Атасы Абылай хандын чабуулунун биринде (к. Абылай хандын кыргыздарга жор­туулдары) туткунга кетет. Жаныш ошол жакта туу­луп, чыгармачылык өмүрүнүн күрдөөлдүү учуру казак жергесинде өткөн. Ал сабаттуу адам болгон. Өмүрүнүн акырында 1876-жылы Таластагы Чат-Ба­зар деген жерге көчүп келген. Жердештери анын үнүнүн бийиктигин, кооздугун, көбүнчө дин ырларын аткаргандыгын белгилешкен. Кат таа­ныган Токтогазы, Жусупбек, Сүйүнтбек, Ыса аттуу уулдары «Карагул» поэмасын өз оозунан жазып алып, ал кол жазма түрүндө эл арасына тараган. Поэма 1883-жылы Ташкентте Л. Лютш түзгөн хрестоматияда жарык көргөн. Китепте жарыяланган нускасы Жаныштан жазылып алын­ган, ал кол жазманын тексти м-н салыштырып караганда айрым гана стилдик, лексикалык ай­ырмачылыктар болбосо, экөө бир эле чыгарма­ны түзгөн. Мындан башка «Карчыга менен көгүчкөн» деп аталган диндик поэманы да айт­чу экен. Бирок «Кара жаак» аталган чоң акын­дын бизге аз гана чыгармалары келип жеткен. Анын бири – «Коён жылы» (көлөмү чакан). Коён жылында ачарчылык өкүм сүрүп, жут болуп, мал-жан кырсыкка учурап, эл жокчулуктан жа­быркагандыгын, жылдын катаалдыгын баян­даган. Мындан башка бизге жеткен чыгарма­нын бараандуусу – насили кыргыз, чыгармачылыгы казак жергесинде калыптанып, казак калкы булбул деген атак ыйгарган Жөжө (казакта Шөже аталат) Каржаубай уулу м-н айтышы. Жанышты жердештери чоң акын катары мүнөздөйт, анын аткаруучулук жөндөмүнүн бийиктигин айрыкча бөлүп айтышат. Жөжө м-н Жаныштын ай­тышы 1968-жылы биринчи жолу кагаз бетине тү­шүрүлгөн. Жөжөнүн айтыштарда тиш кагып, дасыккан чоң акындыгына карабастан, Жаныш сөз­дөн алдырбайт. Дээрлик бардык маалыматтар­да айтышкан учурда Жаныштын отуздан ашканды­гы, Жөжөнүн жетимиштин тегерегинде экендиги маалымдалган. Беттешүү Таласка көчүп келген­ден кийин өтүп, кыргыз акыны катары 1878-жылы айтышка түшкөн. Чыгарманын эки нускасы бар, алар бири-бирин толуктап турат. Бирөө М. Жу­нушалиевдин айтуусунда, ал Жаныштын баласы Кишенбайдан угуп үйрөнгөн экен. Экинчисин К. Алыйманов үзүндү түрүндө жаздырган. Ал айткан нускада эки акындын айтышына, ой бөлүшүүсүнө басым жасалат. Айтыш Байтик­тин айылында, Байтиктин баласы Байсалдын үйүндө өткөн. Жаныш «Козу Көрпөш – Баян сулуу», «Кыз Жибек», «Алпамыш» өңдүү казак поэма­ларын, кыргыздын «Отор кан» деген эпосун че­бер аткарган. Бирок, алардын тексти бизге жет­кен жок. 11–12 муундан турган өлөңдүн кыр­гыздарга өтүшүндө, казал формасындагы дин­дик поэмаларды элге жайылтууда акындын кошкон салымы зор. Анын бир топ чыгарма­сын К. Мифтаков 1923-жылы эл оозунан жыйнап алган. Жаныштын «Карагул», «Карчыга, пайгамбар, көгүчкөн», «Коён жылы» аттуу чакан поэмала­ры КР УИАнын кол жазмалар фондусунда сак­талып турат. Б. Кебекова.