ЖАПАЛАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПАЛАК – Ош облусундагы кыштак. Ош шаар кеңешине караштуу. Ош – Ноокат автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 940 м бийикте жай­гашкан. Облустун борбору Ош шаарынан ж-а темир жол бекетинен 5 км батыш тарапта. Калкы 4921 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, маданият үйү, китепкана бар. Жол оңдоочу ишкана, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамак­тануу жайлары иштейт.