ЖАПАРОВ 2
ЖАПАРОВ Акылбек Үсөнбекович (14. 9. 1964- ж. т., Ысык-Көл обл., Балыкчы ш.) – мамл. ишмер, экономика илимд. доктору (2009), II класстагы мамл. кеңешчи, КРдин эмг. сиң.

экономисти (2000). ФПИни
(1986), Бишкек финансыэкономика академиясын (2002) бүтүргөн. 1986–92-ж. ФПИде кенже ил. кызматкер, комсомол к-тинин секретары, 1992–93-ж. КР Президенти ж-а КР Өкмөт аппараттарында жаштар саясаты б-ча б өлүм башчы, 1993–95-ж. Кырг-н социалдемокр. партиясында жооптуу катчы, 1995–96-ж. КРдин 1-вице премьерминистринин жардамчысы, 1996–97-ж. КР Президентине караштуу Баалуу кагаздар рыногу бча улуттук комиссиянын мүчөсү, 1997–2000-ж. КР финансы министрлигине караштуу Мамл. башкы салык инспекциясынын инспектору, Мамл. салык башкармалыгынын начальниги, 2005–07-ж. экономика ж-а финансы (кийин финансы) министри, 2007–09-ж. экон. өнүгүү ж-а соода министри, 2009-жылдын октябрынан 2010- жылдын апрелине чейин КРдин 1-вице премьерминистри болуп иштеген. КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (2000–05). Рынок экономикасы шартында Кырг-ндын экон. өнүгүү проблемалары ж-а экономиканы модерндештирүүгө арналган 50дөн ашуун ил. эмгектин автору.
Эмг.: Модернизация экономики Кыргызской Республики (монетарно-фискальной политики). Б., 2008.