ЖАПАСАЛДЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПАСАЛДЫ – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Актам айыл округуна ка­раштуу. Ала-Бука – Кербен автомобиль жолу­нун боюнда, деңиз деңгээлинен 1350 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору Ала-Бука кыштагынан 8 км чыгыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 73 км. Кыштак 1850-жылы негизделген. Калкы 2633 (2022); негизинен мал чарбасында, тамекичилик­те эмгектенет. Эки орто ж-а музыкалык мектеп, клуб, китепкана, медпункт, бала бакча, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП, мончо иштейт. Улуу Ата Мекендик согуш­та курман болгондорго эстелик тургузулган.