ЖАПЫШЕВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАПЫШЕВ Рысбай (1933-ж. т., Ош обл., Алай р-ну, Будалык кыш.) –

малчы, Соц. Эмг. Баатыры (1986). Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмг. сиң. устат (1976). Эмгек жолун 1948-ж. Ош обл-нун Гүлчө р-нундагы (азыр Алай р-ну) «Октябрь» колхозунда чабандын жардамчысы болуп иштөөдөн баштаган. 1960-жылдан баш чабан. Кой чарбасын өнүктүрүүдө мыкты натыйжаларга жетишип, 1985-ж. биринчи туут койдун ар жүзүнөн 127ден козу, ар койдон 5,2 кгдан жүн кыркып алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери м-н сыйланган.