ЖАР-КОРГОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАР-КОРГОН (1960-жылга чейин Улуу-Катын) – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Н. Исанов атындагы айыл округуна караштуу. Жар-Коргон суу­сунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1480 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 29 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 69 км. Кыш­так 1800-жылы негизделген. Калкы 4380 (2022); не­гизинен тамекичиликте эмгектенип, мал чарба­сы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана бар.