ЖАР-ООЗ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАР-ООЗ – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Кашкар-Кыштак айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 990 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 30 км түштүк-чыгыш тарапта. Кыштак 1951-жылы негизделген. Калкы 3472 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, мончо, тегирмен, соода түйүндөрү иштейт.