ЖАРДЫ-КАЙЫҢДЫ КОРУКЧАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАРДЫ-КАЙЫҢДЫ КОРУКЧАСЫ – Чүй облусунун Панфилов районундагы мамлекеттик аңчылык корукчасы (заказниги). Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, Жарды-Кайыңды суусунун алабын ээлейт. Аянты 8,7 миң га. Азайып ж-а жоголуп бараткан элик, доңуз, тоо эчки, кекилик ж-а кыргоолдорду коргоо ж-а көбөйтүү максатында 1976-жылы уюшулган.
