ЖАРКЫНАЙЫМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРКЫНАЙЫМ , Х а к и м а й ы м, М а л и­ к а а й ы м (туулган жылы белгисиз – 1868, Кокон) – Шералы хандын аялы, Кудаяр хан Сарымсак, Султан­мураттын энеси; 19-кылымдын орто ченинде жашап өткөн, кыргыз элинен чыккан белгилүү аялдар­дын бири. Кыргыздардын сол канатына кирген саруунун баркы уругунун бийи Токтоназардын кызы. Оозеки маалыматтар боюнча Жаркынайым азыркы На­манган облусунун Үйчү районуна караштуу Аксыкент деген жерде туулган. Энеси Акбала өнөрлүү бо­луп, темир комузда ойногон. Атасы Токтоназар өлгөндөн кийин Жаркынайымдын агасы Кедейбай датка анын урук-туугандарын азыркы Аксы районунда­гы Кара-Суунун жээгиндеги Топ-Жаңгак айы­лына көчүрүп келген. Жаркынайым өзүнүн акылдуулугу м-н Шералы ж-а Кудаяр хандардын доорунда Кокон ордосунун эң таасирлүү адамдарынын би­рине айланган. Жаркынайымдын коомдук, саясий мамлекеттик ж. б. иштерге кийлигишүүсү Шералынын Ко­конго хан болушунан башталат (1842) ж-а көп мамлекеттик иштер анын катышуусу м-н ишке аш­кан. Мисалы, Касым миң башыны өлүм жазасы­нан бошотууга салым кошуп, Мусулманкулдун дарга асылышын колдогон. Кыргыз төбөлдө­рүнүн ордодогу бийликке аралашып, бийлик үчүн болгон күрөштө, отурукташкан калк м-н көчмөн элдин ортосундагы мамилелерди бекемдөөдө чоң роль ойногон. Ордодо тынымсыз жүрүп турган саясий оюндар акыры Нүзүптүн түбүнө жете­рин билип, андан айрылса, бийликтен да ай­рыларын күйөөсү Шералыга бир нече жолу эс­керткен. Уулу Кудаяр хан да Жаркынайымдын акылынан чыкпаган. Жаркынайым ордодогу хан сарайдын короосун­да кышы-жайы кыргыздын боз үйүн тиктирип, өмүрү өткөнчө ошондо жашаган. Жаркынайым өлгөндө Кудаяр хан үч күн бою тынбай ыйлап, сөөгүн көтөрүшүп барып, өз колу м-н көмгөнү тары­хый булактарда айтылат.

Ад.: Зиявуддин Максым (Магзуми). Фергана хан­дарынын тарыхы. Б., 2007; Наливкин В. П. Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886; Алым­бектин санжырасы. Б., 2007.

Ж. Алымбаев.