ЖАРЫК
ЖАРЫК – көзгө көрүнүүчү жыштык диапазонуна (7,5⋅1014–4,0⋅1014Гц) туура келүүчү электрмагнит толкуну. Бул диапазондон тышкары көз көрбөгөн диапазондо жаткан инфракызыл ж-а ультракызгылт көк нурлар да жарыкка кошулат. Ошентип жарык нурларынын жалпы диапазону 3⋅1014–3⋅зондо электр-магниттик толкундун к о р п у с к у л а л ы к ж-а т о л к у н д у к касиеттери бар. Жарыктын толкундук касиети дифракция, интерференция ж-а полярлануу кубулуштары, ал эми корпускулалык касиети фотоэффект, жылуулук нурлануусу, Комптон эффекти ж. б. кубулуштар м-н түшүндүрүлөт. Ак жаарык негизинен 7 түстөгү жарык кошундусунан турат: кызыл, саргыч кызыл, сары, жашыл, көгүш, көк, кызыл көк. Бул кубулуш жарык дисперсиясы деп аталат. Эң чоң толкун узундукка кызыл, эң кичинеге кызгылт көк түстөгү жарык толкундары туура келет.