ЖАРЫК БАСЫМЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫК БАСЫМЫжарыктын чагылдыруу­чу же жутуучу нерсенин бетине жасаган басы­мы. Жарык бөлүкчөлөргө да (атомго, молеку­лага) басым жасайт. Күндүн жанынан учуп өт­көндө, кометанын (куйруктуу жылдыздын) куй­ругунун пайда болушуна жарык басымынын себеп боло­рун алгач И. Кеплер болжолдогон (1619). 1873-жылы англиялык физик Ж. Максвелл (1831–79) электр-маг­ниттик теорияга таянып, жарык басымынын чоңдугун аныктаган. Ал эми орус физиги П. Н. Лебе­дев (1866–1912) биринчи болуп жарыктын ка­туу заттарга (1899), кийинчерээк газдарга (1907–10) жасаган басымын өлчөгөн. Жарык басымы өтө кичи­не чоңдук, анын үстүнө өлчөө кезинде пайда бол­гон кубулуштар (конвекциялык агым, радио­метриялык күчтөр) тоскоол болот. Жарык басымын жа­рыктын электр-магниттик ж-а жарыктын квант­тык теориясы боюнча да түшүндүрүүгө болот. Жа­рыктын электр-магниттик теориясы боюнча, жа­рык түшкөн бетке тик багытта жасалган жарык басымы жарыктын таралуу багыты м-н дал келет, чоң­дугу жарык энергиясынын тыгыздыгына (u) ба­рабар. Бул энергия тыгыздыгы нерсеге түшкөн ж-а нерсе чагылдырган толкун энергияларынын суммасынан турат: u=Q (1+R) ⁄c, мында Q – нер­сенин 1 см2 бетине түшкөн электр-магниттик толкундун кубаты, R – электр-магниттик тол­кундун нерсенин бетинен чагылуу коэффициенти., с – жарык ылдамдыгы. Мисалы, абсолюттук кара нерселер (R=0) үчүн Күн жарыгынын басымы р=4,3⋅10–6 Н/м2. Күн шооласынын жерге түшкөн жалпы басымы 6⋅1013 дин (6⋅108Н). Корпускулалык (кванттык) көз караш м-н караганда чагылт­кан же жуткан бет фотондордон импульс ал­гандыктан, жарык ал бетке басым жасайт. Жарык басымы астрономиялык ж-а атомдук кубулуштарда маанилүү ка­сиетке ээ.