ЖАРЫК ЫЛДАМДЫГЫ
ЖАРЫК ЫЛДАМДЫГЫ – электр-магнит толкундарынын таралуу ылдамдыгы. Жарык ылдамдыгы вакуумда с=299792458±1,2 м⁄сек≈3⋅108 м/сек (1980).
Бул сан – физикадагы фундаменталдуу туруктуу чоңдуктардын бири. Жарыктын табияты адам баласын ал дүйнөгө пайда болгондон тартып кызыктырган. 18-кылымдын аягына чейин жарык ылдамдыгы чексиз чоң деген ой кеңири колдонулган. Классикалык механиканын (Ньютон теориясынын) негизги жоболорунун бири катары жарык ылдамдыгы чексиз деп алынат. Жарыкты өзгөчө чөйрө – эфирде таралуучу толкун деген көз караш көпкө чейин өкүм сүрүп келген. Бирок 18-кылымдын ортосунда франциялык физик Физо (1849) ж-а 19-кылымдын башында америкалык физик Майкельсон (1926) тажрыйбалардын негизинде жарык ылдамдыгы с=299796±4 км/секга барабар экендигин аныктаган (эң акыркы тажрыйбаларда такталган жарык ылдамдыгы с=299792,4562±
±0,0011 км/секга барабар). Жарык ылдамдыгы чексиз эместиги физикадагы теорияларды ж-а көз караштарды кайрадан карап чыгууга мажбурлады. Натыйжада Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы түзүлүп, Максвеллдин электр-магниттик кубулуштар теориясынан жарык электрмагниттик толкундун көзгө көрүнүүчү диапазону экендиги аныкталган.