ЖАСАЛМА ДЕМ АЛДЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАСАЛМА ДЕМ АЛДЫРУУ – өпкөгө абаны жасалма киргизип ж-а аны кайра чыгаруу. Ал ар түрдүү кокустуктарда, ар кандай ооруда, кли­никалык өлүм учурунда, мээде кан айлануу бу­зулганда, мээ күпчөгүндө (суу толуп калганда), мээ сезгенгенде же мээнин травмасында ж-а ар түрдүү уулануудан мээ жабыркаганда, шал оору­сунда, ууланганда, дем алууга катышуучу көкү­рөк, моюн, булчуң эттер сезгенгенде; кабырга, омуртка сынганда, өпкөнүн түрдүү ооруларын­да (мисалы, өпкө шишигенде, бронх астмасында ж. б.) жасалат. Негизинен өпкөгө абаны үйлөп киргизүү ыкмалары колдонулат. Ага ооздон оозго, ооздон мурунга үйлөө, кекиртекке түтүк салып, ал аркылуу өпкөгө газды үйлөө же бет­ке маска коюп, ал маска м-н абаны үйлөп, өпкөгө киргизүү ж. б. кирет. Дем алуу ж-а жүрөк токтогон учурда адам клиникалык өлүм абалы­на келет. 4–6 мүнөттүн ичинде организмде кыч­кылтек жетишсиздигинен ж-а көмүр кычкыл газынын көбөйүшүнөн жашоонун эң негизги органдарында кайта калыбына келбей турган бузулуулар пайда болот да, организм биологиялык өлүмгө дуушар болот. Эгер ушул кыска мөөнөттө кайра жандандыруу боюнча аракеттер жасалса, адамды клиникалык өлүм абалынан кайра чы­гарып алууга толук мүмкүнчүлүк бар. Жасалма дем алдыруу үчүн эс-учун жоготкон адамды катуу жерге чал­касынан жаткырып, оозу, мурдун ар кыл зат­тардан (ылай, кан, кум, ириң, тамак) тазалайт. Эс-учу жок адамдын ээги бошоп калгандыктан, тил дем алуу жолун бүтөбөш үчүн жаакты ж-а ээкти өйдө көтөрүү керек. Мунун натыйжасын­да тил көтөрүлүп, жол ачылат. Жасалма дем алдырууну жө­нөкөй ооздон оозго ж-а ооздон мурунга абаны үйлөө жолдору м-н баштоо зарыл. Жасалма дем алдыруучу жаткан жабыркаган кишинин оң жагында бо­луп, сол колу м-н чекесинен басып, башты арт­ка чалкалатып, оң колу м-н ээкти көтөрөт. Өзү терең дем алып, жаткан кишинин оозуна үй­лөйт. Абаны катуу үйлөгөндөн кийин адамдын оозунан өз оозун тез тартып алат. Бул маалда оорулуу дем чыгарат. Дем чыгып бүткөндө, кай­ра үйлөө керек. Ооздон оозго үйлөп дем алдыруу­да оорулуунун мурдун чымчып бүтөп туруу, ал эми ооздон мурунга (таноого) үйлөп дем алдыруу­да адамдын эриндерин бекем жаап туруу зарыл. Абаны үйлөп дем алдыруу мүнөтүнө 12–20 жолу болуш керек. Дем алуу токтогондо, жүрөк да токтоп калса, жасалма дем алдырууну жүрөк массажы м-н айкалыштыруу керек. Ооруканада ж-а тез жар­дамда жасалма дем алдыруу үчүн атайын аппарат колдонулат.