ЖАШЫЛ БАЛЫРЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАШЫЛ БАЛЫРЛАР (Chlorophyta) – клетка­ларында хлорофилли көп жашыл түстөгү жөнө­көй түзүлүштүү өсүмдүктөр. Алар бир же көп клеткалуу болушат, жип сымал же жалпак жалбырак түрүндөгү талломдорду пайда кылат. Ж. б. клеткаларынын ж-а талломдорунун түзү­лүшү б-ча ар түрдүү. Мис., бир клеткалуу ба­лырлар тегерек, орок сымал же ийиктей болот.

Жашыл балырлар: 1 ульва; 2 – кадимки хар

Клеткаларында эки шапалагы бар, бирок жа­гымсыз шартта шапалактарын жоготуп, был­жыр бөлүп чыгарат да, бөлүнүүсүн уланта бе­рет. Ж. б. жыныссыз (бөлүнүү), жыныстык ж-а вегетациялык жол м-н көбөйөт. 5 класска (воль­вокстор, хлорококктор, улотрикстер, сифондор, коньюгаттар) кирген 400дөй уруусунун 20 миң­ге жакын түрү белгилүү. Алардын өкүлдөрү Кырг-ндын сууларында көп кездешет. Көбүнчө тузсуз сууларда ж-а деңизде өсөт. Бир клетка-


луу ж-а колониялуу, айрым Ж. б. топуракта, дарак сөңгөгүндө эпифит ж-а симбионт түрүндө учурайт. Алар башка жашыл өсүмдүктөрдөй эле өз денесинде орг. зат пайда кылып, суудагы көмүр кычкыл газын сиңирип, кычкылтекти бөлүп чыгарат. Ж. б. – балык ж. б. суу жаны­барларына азык. Андан тоют, тамак-аш, жер семирткич даярдалат, к. Балырлар.