ЖАШЫЛДАНДЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАШЫЛДАНДЫРУУ – калктын жашоо шар­тын жакшыртуу максатында бак-дарак тигүүгө, пайдаланууга багытталган чаралар системасы; республиканын бүткүл ландшафтын кайрадан түзүү маселесинин бөлүгү. Мында калктын турмуш­-тиричилиги үчүн табият шартын, ыңгайсыз, начар жерлердин ландшафтын байытуу иши жүргүзүлөт. Жашылдандыруунун санитардык-гигиеналык, инженердик-техникалык, өрткө каршы ж-а эстетикалык зор маани­си бар. Бак-дарак микроклиматты жакшыр­тып, калк жашоочу жердин абасын, чаң, газ сыяктуулардан тазалайт (жалбырагы, сөңгөгү ж-а бутагы м-н тосот), жолдор м-н элдүү аймак­тарды чаңдан, шамалдан ж-а күрткүдөн коргойт, санитардык-гигиеналык шартын жакшыртат. Жашылдандыруунун өндүрүштүк базасын түзүү үчүн шаардын чет-жа­касына питомник ж-а гүл өстүрүүчү чарба жай­гаштырылат.