ЖАҢЫ-АЙЫЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-АЙЫЛ – Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Халмион айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңгээлинен 840 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 14 км түндүк- батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 51 км. Калкы 1001 (2010); негизинен жашылча­чылыкта, тамекичиликте эмгектенет. Баштал­гыч мектеп, ФАП бар.