ЖАҢЫ-АРАВАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ-АРАВАН – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Алля Анаров атындагы айыл округуна караштуу. Кекилик-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 840 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 10 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 30 км. Кыштак 1921-жылы негизделген. Калкы 2516 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, маданият үйү, ФАП бар.