ЖАҢЫ-АРЫК 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-АРЫК – Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-нундагы кыштак. Шайдан айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңг. 850 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Масы кыш-нан 7 км түш.-батыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. беке­тинен 55 км. Кыштак 1928-ж. негизделген. Кал­кы 1722 (2007); негизинен дыйканчылыкта эм­гектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.