ЖАҢЫ-БАЗАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ-БАЗАР – Ош обл-нун Ноокат р-нундагы кыштак. Н. Исанов атн. айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1380 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 14 км чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 54 км. Кыштак 1800-ж. негизделген. Калкы 1631 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто ж-а негизги мектептер, кесиптик-тех. окуу жайы, мад-т үйү, клуб, китепкана, оорукана, поликлиника бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт.