ЖАҢЫ-ДЫЙКАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ДЫЙКАН – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Сузак айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңгээлинен 770 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 8 км түндүк та­рапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 15 км. Кал­кы 2880 (2022); негизинен дыйкан чарбаларын­да эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, клуб, ФАП бар.