ЖАҢЫ-ЖЕР ТООСУ
ЖАҢЫ-ЖЕР ТООСУ Ички Теңир-Тоодогу Жаңы- Жер м-н Мүдүрүм өрөөндөрүнүн аралыгында. Борколдой тоосунун батыш уландысы. Уз. 104 км;

туурасы 17 км. Көбүргөндү-Бел м-н Келин-Тайгак өрөөнүнөн батышка Кынды ашуусу м-н Үйүрмө өрөөнүнө чейин созулат. Орт. бийикт. 4000 м, эң бийик жери 4844 м. Тоонун аймагы девон ж-а карбон мезгилдеринин сланец, кумдук, акиташ тектеринен түзүлгөн. Түш. капталында, адырларда палеогендин кызыл конгломераттары чыгып турат. Рельефи альп тибинде. Батышка карай жапыздайт, капталдары өрөөндөр (Кең-Суу, Кашка-Суу, Ак-Байтал ж. б.) м-н тилмеленген. Байыркы муз каптоонун издери көп. Азыр да түн. беттеринде (Аюу-Төр, Суусар-Төр) мөңгүлөр бар. Бийик тоолуу талаа (3300–3600 м), субальп (3600–3900 м), альп шалбаалуу талаа ж-а субнивалдык (3900–4200 м) ландшафттар мүнөздүү. Түн. бетинде ж-а өрөөндөрдө сейрек жапалак арча өсөт.