ЖАҢЫ-КҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-КҮЧ – Нарын облусунун Ат-Башы районун­дагы кыштак. Казыбек атындагы айыл округуна ка­раштуу. Кара-Коюн суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2180 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ат-Башы кыштагынан 24 км түштүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 250 км. Кал­кы 969 (2022); негизинен мал чарбасы м-н алек­тенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.