ЖАҢЫ-МААЛА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-МААЛА – Ош облусунун Кара-Суу районун­дагы кыштак. Нариман айыл округуна караш­туу. Деңиз деңгээлинен 935 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору ж-а темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 4 км. Калкы 4548 (2022); негизинен дыйканчы­лыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, да­рыкана, ФАП бар.