ЖАҢЫ ОРЛЕАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ ОРЛЕА́Н – АКШнын түштүгүндөгү порт шаар (жылына 100 млн тдан ашык жүк ташылат). Луизиана штатында. Калкы 484 миң (1994, шаар айланасы м-н 1,3 млн). Эл аралык аэропорту бар. Жолдор тоому. Өлкөнүн түштүгүндөгү маанилүү финансы ж-а соода борбору. Нефть ажыратуу, химия, тамак-аш, машина куруу, түстүү металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Университеттер, музейлер (анын ичинде искусство, Луизиана штатынын) бар. Шаар 1718-жылы француздар тарабынан негизделген. 1764–1800-жылдарда Испаниянын ээлиги. 1800-жылы фрацуздар басып алып, АКШга саткан. 18-кылымдын курулуштары («француз кварталдары») сакталган.