ЖАҢЫ ЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТ
ЖАҢЫ ЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТ – РКП(б) 10-съездинде (1921-жылы март) көп укладдуу экономиканы жандандыруу үчүн В. И. Ленин тарабынан сунушталган антикризисттик программа. Жарандык согуш (1918–20) ж-а андан кийин большевиктер жүргүзгөн «согуштук коммунизм» саясаты өлкөнүн экономикасын толук бүлгүнгө учураткан. Жаңы экономикалык саясат негизинен экономикалык кризистерден келип чыккан социалдык чыңалууну жоюу м-н Совет бийлигинин базасын чыңдоо, жумушчу-дыйкандар союзун бекемдеп, экономикалык жактан бүлүнгөн чарбаны кризистен алып чыгып, аны калыбына келтирүү, социалисттик коомду курууга ыңгайлуу база түзүү үчүн кабыл алынган. Жаңы экономикалык саясат учурунда мурунку айыл чарбасындагы азыктүлүк чачымы натуралдык салык м-н алмаштырылган ж-а ал мурункудан 2 эсе аз болгон. Бардык мамлекеттик тапшырма аткарылгандан кийин дыйканга калган түшүмүн эркин сатууга укук берилип, жерди ижарага алууга, жалданма жумуш күчүн колдонууга мүмкүнчүлүк алган.
К. Алымкулов.